Баткен районунда жазгы талаа иштерине даярдык жүрүүдө
Баткен районунун Ак-Татыр, Төрт-Гүл айыл өкмөттөрүнүн аймагында жазгы талаа иштерине карата даярдык иштери активдүү жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу райондук администрациядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, дыйканчылык мезгилин өз убагында баштоо жана сугат суусун үзгүлтүксүз жеткирүү максатында ирригациялык системаларды тазалоо иштери уюштурулду.
Учурда айыл тургундарынын катышуусунда ашар ыкмасы менен сугат суу келүүчү каналдар жана ички арыктар тазаланып, талааларга суу жеткирүүчү жолдор иретке келтирилүүдө. Бул иштер жазгы айдоо иштерин өз убагында жүргүзүүгө жана айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө түзөт.
Мындай иш-чаралар айыл аймагында дыйканчылыкты өнүктүрүүгө багытталып, жергиликтүү тургундардын активдүү катышуусу менен улантылууда.
