«Кыргыз почтасы» ААК менен БУУ ФАО кызматташтыкты кеңейтүү маселесин талкуулады 
20 ноябрь

«Кыргыз почтасы» ААК менен БУУ ФАО кызматташтыкты кеңейтүү маселесин талкуулады 

«Кыргыз почтасы» ААКнын башкы директору Марат Черикчиев бүгүн, 20-ноябрда БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) Кыргызстандагы өкүлү Олег Тачмамедович Гучгельдыев менен ишкердик жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу «Кыргыз почтасы» ААКдан кабарлашты.

Жолугушууда логистика тармагын өнүктүрүү, почта кызматтарын санариптештирүү, жеткирүү кызматын жакшыртуу, ошондой эле социалдык жана билим берүү долбоорлору боюнча кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Тараптар кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатууга жана өлкө аймактарынын туруктуу өнүгүшүн колдоого багытталган өнөктөштүктү чыңдоого даяр экенин билдиришти.