Баткен шаарында азык-түлүк жарманкеси өтүүдө. Эт 650 сомдон сатылууда
20 ноябрь

Баткен шаарында азык-түлүк жарманкеси өтүүдө. Эт 650 сомдон сатылууда

Баткен шаарынын борбордук стадионунда бүгүн, 20-ноябрда күзгү айыл чарба продукцияларынын жана күнүмдүк керектелүүчү азыктардын жарманкеси уюштурулду. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты. 

Жарманкеге дыйкан фермерлер, жергиликтүү өндүрүүчүлөр, арзан баадагы продукцияларын жайышты.

Учурда айыл чарба жарманкеси күн сайын облустун район-шаарларында уюштурулуп, элге күнүмдүк керектелүүчү азык түлүктөр сатылууда.

Белгилей кетсек, жарманкеде элге 640-650сомдон эт сатылууда.

Жарманкенин максаты жергиликтүү калкты негизги керектелүүчү азык-түлүк менен жеткиликтүү баада камсыз кылуу жана аймактагы бааларды турукташтыруу.