Чүй облусунда алдамчылык кылган шектүү кармалды
20 ноябрь

Чүй облусунда алдамчылык кылган шектүү кармалды

2025-жылдын 22-августунда Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнө Кенеш айылынын тургуну, 1982-жылы туулган Ч.Т. арыз менен кайрылып, ал арызында 1987-жылы туулган Ш.Ш.нын үстүнөн чара көрүлүүсүн суранган. Арызда Ш.Ш. алдоо жолу менен анын «Mercedes-Benz 213» үлгүсүндөгү унаасын 13 500 АКШ долларына баалап алып, карызын кайтарбай качканы белгиленген.

Бул факт катталып, Кыргыз Республикасынын КЖКнин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголду.

Тергөө-ыкчам иштердин жүрүшүндө милиция кызматкерлери Ш.Ш.нын дарегин аныктап, Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесине ылайык кармап, убактылуу кармоочу жайга киргизди.

Тергөө учурунда белгилүү болгондой, Ш.Ш. «Mercedes-Benz 213» үлгүсүндөгү унааны 5 000 АКШ долларына таанышына кепилдикке коюп, качкан. Андан кийин аталган унаа үчүнчү жактарга сатылган.

Азыркы учурда анын райондо окшош кылмыштарды жасоого тиешеси бар-жогу текшерилип жатат. Тергөө иштери уланууда.