Ошто жаңы перинаталдык борбордун курулушу башталды
Ош шаардык облустар аралык бириктирилген клиникалык оорукананын аймагында 20-ноябрда жаңы перинаталдык борбордун курулушуна старт берген мезгил кутусун салуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты.
Борбор Германия Өкмөтү тарабынан KfW өнүктүрүү банкы аркылуу каржыланып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Саламаттык сактоо министрлиги менен кызматташтыктын алкагында ишке ашырылып жаткан «Эне жана баланы коргоо» долбоорунун алкагында курулууда.
Иш-чарага КР президентинин Ош областы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев, Кыргызстанюын маламаттык сактоо министринин биринчи орун басары Манас Токтомуратов, Германиянын Кыргызстандагы элчиси Моника Ленхард, ошондой эле KfW Өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү катышты. Курулуштун башкы подрядчысы — China Road and Bridge Corporation компаниясы.
Долбоорго ылайык, жалпы аянты 4 723 м²ден ашык, 249 орунга эсептелген заманбап перинаталдык борбор курулат. Анда:
- төрөт жана операциялык залдар, кош бойлуулуктун патологиясы бөлүмү;
- аялдар жана ымыркайлар үчүн интенсивдүү терапия бөлүмдөрү;
- неонатология блогу;
- эне жана бала үчүн бөлмөлөр;
- заманбап реанимациялык бөлүмдөр.
Борбор перинаталдык жардам көрсөтүүнүн эл аралык стандарттарына жооп берген жогорку технологиялуу медициналык жабдуулар менен камсыздалат.
Долбоор ишке ашырылгандан кийин Ош, Баткен жана Жалал-Абад областындагы аялдарга жана жаңы төрөлгөн ымыркайларга акушердик, гинекологиялык жана неонаталдык жардамдын сапаты жана жеткиликтүүлүгү жогорулайт. Ошондой эле регионалдык маршрутизация системасы бекемделет.
Мындан тышкары, долбоор кадрларды даярдоону, клиникалык процесстерди жакшыртууну жана кош бойлуулукту жүргүзүүнүн, жогорку тобокелдиктеги жаңы төрөлгөндөрдү кароонун заманбап ыкмаларын киргизүүнү камтыйт.
«Долбоордун ишке ашышы Түштүк аймакта перинаталдык жардам көрсөтүү шарттарын кыйла жакшыртат. Жаңы борбор заманбап стандарттарга жооп берет жана энелер менен жаңы төрөлгөндөрдүн, анын ичинде өтө төмөн салмактагы ымыркайлардын коопсуздугун камсыздайт. Жаңыланган инфраструктура, медициналык персоналдын даярдыгы жана клиникалык ыкмаларды өркүндөтүү эне-баланын ден соолук көрсөткүчтөрүн жакшыртууга өбөлгө түзөт», — деди министрдин биринчи орун басары Манас Токтомуратов.
