
Бишкектеги базарларда эт саткан социалдык аянтчалар уюштурулду
Бишкектеги бардык азык-түлүк базарларында уй, майда жандыктардын жана жылкы эттерин саткан социалдык аянчалар уюштурулду. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен
Мындай чара республикада эттин баасын турукташтыруунун алкагында жүргүзүлүүдө.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги шаар тургундарын жана конокторун Бишкектин азык-түлүк (Аламүдүн, Орто-Сай, Ош, Чынар, Ак-Эмир, Дордой моторс) базарларында жайгашкан социалдык аянтчалардан ортомчусуз дыйкандардын баасында сатып алууга чакырат.