президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү
16 март
Манас шаарында жаштар форуму өтөт. Ага 3 миңге жакын адам катышат
Манас шаарында 9-апрелде "Кыялымдагы Кыргызстан: Жалал-Абад–2026” аттуу облустук жаштар форуму өтөт. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.
Маалыматта айтылгандай, форум жаштардын интеллектуалдык, чыгармачылык жана лидерлик потенциалын өнүктүрүүгө, ошондой эле алардын кабылган көйгөйлөрүн чечүү жолдорун биргеликте талкуулоого багытталат.
Форумга даярдык көрүү боюнча облус башчысынын орун басары Урмат Самаевдин төрагалыгы астында жыйын өтүп, анда иш-чараны жогорку деңгээлде өткөрүү үчүн даярдык иштерин өз убагында жана сапаттуу жүргүзүү зарылдыгын белгилеп, тиешелүү жетекчилерге тапшырмалар берилди.
