Чүй облусунун аймагында «Арсенал» рейддик иш-чарасы өткөрүлүүдө
17 январь

Чүй облусунун аймагында «Арсенал» рейддик иш-чарасы өткөрүлүүдө

2026-жылдын 6-январынан тартып Чүй облусунун аймагында коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоого багытталган «Арсенал» аталышындагы ыкчам-алдын алуу рейддик иш-чарасы өткөрүлүүдө.

Аталган иш-чаранын негизги максаты - мыйзамсыз жүгүртүүдөгү курал-жарактарды аныктоо, жарандар тарабынан алардын мыйзамсыз сакталуусун жана колдонулушун алдын алуу, ошондой эле коомдук коопсуздукту камсыз кылуу болуп саналат.

Иш-чаранын жүрүшүндө милиция кызматкерлери жарандар арасында алдын алуу иштерин активдүү жүргүзүп, ок атуучу куралдарды сактоо жана колдонуу боюнча мыйзам талаптарын түшүндүрүүдө. Мындан тышкары, курал сактоо эрежелерин бузган жарандарга карата тиешелүү чаралар көрүлүп, уруксат берүүчү документтердин мыйзамдуулугу жана мөөнөттөрү катуу көзөмөлгө алынууда.

Рейддик иш-чаранын алкагында 9 жаран газ-травматикалык куралдарын өз ыктыяры менен тапшырышкан. Ошол эле учурда, курал сактоо эрежелерин жана уруксат берүүчү документтердин мөөнөтүн бузган жарандардан 34 даана ок атуучу курал алынган.

Мындан сырткары, курал ээлеринин каза болушуна байланыштуу 4 даана курал алынган, үй-бүлөлүк зомбулукка барган жарандардан 13 даана курал алынган, ошондой эле тиешелүү уруксат кагаздары жок 2 даана курал жарандар тарабынан өз ыктыяры менен тапшырылган.

Ошентип, 2026-жылдын 6-январынан 16-январына чейинки мезгилде Чүй облусунун аймагында жалпы 62 даана курал алынган, анын ичинде:

  • сайсыз ок атуучу куралдар – 40 даана,
  • сайлуу ок атуучу куралдар – 13 даана,
  • газ-травматикалык куралдар – 9 даана.

Аныкталган мыйзам бузуулар боюнча Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 133–134-беренелерине ылайык протоколдор түзүлүп, жалпы суммасы 102 000 сом өлчөмүндө айып пул салынган.

Белгилей кетсек, «Арсенал» ыкчам-алдын алуу рейддик иш-чарасы 2026-жылдын 26-февралына чейин улантылат.