Кыргызстанда эң мыкты жумушка жеке орноштуруучу агенттин аныкталат
18-декабрда белгилене турган Эл аралык мигранттар күнүнүн алдында, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Чет өлкөдө жарандарды жумушка орноштуруу борбору жаңы жыл сайын берилүүчү номинацияны ишке киргизүүдө —«Багытталган өлкө боюнча жылдын мыкты жеке ишке орноштуруу агенттиги».
Бул демилге эмгек миграциясы тармагындагы ачык-айкындуулукту жогорулатууга, кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртууга жана Кыргыз Республикасынын жарандары алдында жогорку профессионалдуулук жана жоопкерчилик көрсөтүп келген агенттиктерди колдоого багытталган.
Агенттиктерди баалоо критерийлери:
- отчеттук мезгилде жумушка орноштурулган жарандардын саны;
- жарандардан, чет өлкөлүк иш берүүчүлөрдөн жана мамлекеттик органдардан арыздар жана даттануулар жоктугу;
- Кыргыз Республикасынын жана кабыл алуучу өлкөлөрдүн мыйзамдарын так сактоо;
- документтерди даярдоодон баштап окутуу жана адаптацияга чейин болгон жумушка орноштуруу процессинин ар бир этабында сапаттуу коштоп жүрүү;
- эмгек рыногундагы профессионалдык аброю;
- сертификаттардын жана тастыкталган иш тажрыйбанын болушу;
- тренингдерге, семинарларга жана окутуучу программаларга активдүү катышуу.
Сыйлык тапшыруу
Жеңүүчүлөргө «Багыт боюнча мыкты ЖИА» деген эстелик белгиси (эмгек миграциясы жүргөн өлкө көрсөтүлүп) жана Борбордун ыраазычылык каттары тапшырылат.
Ошондой эле төмөнкү агенттиктерге да ыраазычылык каттары ыйгарылат:
— мигранттарды колдоодо инновациялык ыкмаларды колдонгондорго;
— кардарлардын канааттануусунун жогору деңгээлин камсыздаган агенттиктерге;
— эл аралык эмгек миграциясы стандарттарын сактагандарга;
— жыл ичинде стабилдүү жана сапаттуу жыйынтыктарды көрсөткөндөргө.
Жыл сайынкы салт
Сыйлоо аземи Борбор тарабынан жыл сайын Эл аралык мигранттар күнүнө карата өткөрүлүп турат. Бул сыйлыктын киргизилиши жарандардын жеке ишке орноштуруу агенттиктерине болгон ишенимин арттырып, көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатууга өбөлгө түзөт.
