Бишкек шаарында «Транзит» аттуу ыкчам-алдын алуу иш-чара өткөрүлдү
8 апрель

Бишкек шаарында «Транзит» аттуу ыкчам-алдын алуу иш-чара өткөрүлдү

  • Кыргыз Республикасынын аймагында өткөрүлүп жаткан «МАК-2026» комплекстүү ыкчам-алдын алуу иш-чаралар планынын пункттарын ишке ашыруу максатында, 2026-жылдын 6–7-апрель күндөрү Бишкек шаарында «Транзит» деген шарттуу аталыштагы иш-чара өткөрүлдү.

  • Иш-чаранын негизги максаты – баңгизаттарды, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун мыйзамсыз өндүргөн лабораторияларды аныктоо жана жоюу, баңгизаттарды жана синтетикалык заттарды таратуу менен алектенген адамдардын ишмердүүлүгүн токтотуу, ошондой эле баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө байланышкан кылмыштарды аныктоо болду.

  • Иш-чарага Бишкек шаарынын ИИББнын кызматкерлери, анын ичинде Милициянын кайгуул күзөт кызмат башкармалыгы, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин атайын багыттагы бөлүмдөрү, ошондой эле райондук ички иштер башкармалыктардын кызматкерлери жана басма сөз кызматтарынын өкүлдөрү катышты.

  • Учурда Бишкек шаарынын ИИББнын Баңгизаттарга каршы күрөшүү кызматы тарабынан мыйзамсыз баңгизат жүгүртүүсүн аныктоо жана күнөөлүү адамдарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартуу боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары улантылууда.

  • Жарандарга кайрылуу:

  • Бишкек шаарынын ИИББгы жарандарды сергек болууга жана баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө кайдыгер карабоого чакырат. Эгерде баңгизаттарды сатуу, сактоо же колдонуу фактылары боюнча кандайдыр бир маалыматка ээ болсоңуздар, дароо ички иштер органдарына билдирүүңүздөрдү өтүнөбүз.

  • Биргелешкен аракеттер аркылуу гана биз баңгизат кылмыштуулугуна каршы туруп, коомдун коопсуздугун камсыздай алабыз.