Суу үстүндөгү Формула-1. Ысык-Көлдөжол кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет
Сүрөт ачык булактардан алынды
21 июль

Суу үстүндөгү Формула-1. Ысык-Көлдөжол кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет

Үстүбүздөгү жылдын 30-июлунан 2-августуна чейин Ысык-Көл районунун Бает айылында Formula 1 H2O Кыргызстандын Гран-приси – Issyk-Kul 2026 эл аралык мелдеши өткөрүлөт.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыктан кабарлашкандай, аталган эл аралык иш-чаранын коопсуз өтүшүн камсыздоо максатында бул күндөрү Балыкчы – Ананьево – Каракол автоунаа жолу (Ысык-Көлдүн түндүк жээги) айрым убактарда убактылуу жабылып, транспорт каражаттарынын кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет.

Айдоочуларды көрсөтүлгөн күндөрү аталган багыт боюнча алыскы сапарларды алдын ала пландап же кийинки мөөнөткө жылдыруу сунушталат.

Ошондой эле бул мезгилде айыл чарба техникаларынын, жүк ташуучу жана башка оор жүк ташуучу автоунаалардын кыймылында убактылуу кыйынчылыктар жаралышы мүмкүн.

Алыскы сапарга чыккан айдоочуларга альтернативдүү каттам катары Жети-Өгүз жана Тоң райондору аркылуу өткөн Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол автоунаа жолун пайдалануу сунушталат.

ЖКККБ бардык жол кыймылынын катышуучуларын киргизилген убактылуу чектөөлөргө түшүнүү менен мамиле кылууга, кызматкерлердин мыйзамдуу талаптарын так аткарууга жана жол жүрүү багытын алдын ала пландаштырууга чакырат.