«Эмен» паркын реконструкциялоо: Бишкек мэриясы такталбаган маалыматтарды таратпоого чакырат
21 июль

«Эмен» паркын реконструкциялоо: Бишкек мэриясы такталбаган маалыматтарды таратпоого чакырат

Бишкек шаарынын мэриясы жалпыга маалымдоо каражаттарын, социалдык тармактардын колдонуучуларын жана коомчулукту муниципалитеттин ишмердүүлүгүнө байланыштуу маселелерди чагылдырууда расмий, так жана ишенимдүү маалыматтарга гана таянууга, ошондой эле объективдүүлүк принциптерин сактоого чакырат.

ЖМКларда тараган маалыматка байланыштуу, Эркиндик бульвары, 53А дарегинде жайгашкан соода жайлары ээлеген жер тилкеси «Эмен» паркынын аймагына кирбей турганын билдиребиз. Ижара келишимине ылайык, жалпы аянты 155,5 чарчы метрди түзгөн турак эмес жай жана ага чектеш 0,418 гектар жер тилкеси «Мебиус Групп» ЖЧКсына ижарага берилген.

Демек, соода жайлары ижарачы тарабынан Эркиндик бульвары, 53А дареги боюнча ижарага берилген жер тилкесине орнотулган жана ал «Эмен» паркынын аймагына кирбейт.

«Эмен» паркынын аймагында буга чейин жарыяланган көрктөндүрүү иштеринин ордуна соода күркөлөрү курулуп жатат деген маалымат чындыкка дал келбейт.

Өз кезегинде, «Бишкек жашыл курулуш» муниципалдык ишканасы «Эмен» паркын реконструкциялоо долбоорун ишке ашырууда.