Ички иштер министрлиги тарабынан 7 ай ичинде 2 100дөн ашуун алдын алуу иш-чарасы өткөрүлдү
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы тарабынан баңгизаттарды колдонуунун жана мыйзамсыз жүгүртүүнүн алдын алууга багытталган профилактикалык иштер туруктуу негизде жүргүзүлүүдө.
2026-жылдын 7 айында ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан 2 100дөн ашуун алдын алуу иш-чарасы өткөрүлдү.
Иштин негизги багыттарынын бири - жаштар арасында профилактикалык иштерди жүргүзүү. Окуучулар, студенттер жана алардын ата-энелери үчүн баңгизаттарга карата терс мамилени калыптандырууга жана укуктук сабаттуулукту жогорулатууга багытталган 600дөн ашуун лекция жана маалыматтык-түшүндүрүү жолугушуулары уюштурулду.
Мындан тышкары, сергек жашоо образын жайылтууга жана баңгизаттарды колдонуунун алдын алууга багытталган 60 спорттук иш-чаралары өткөрүлдү.
Профилактикалык иштердин алкагында ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери жарандар көп чогулган жерлерде, дарыкана уюмдарында жана көңүл ачуучу жайларда 1 300дөн ашуун рейд өткөрүштү.
Алдын алуу иш-чаралары жарандарга баңгизаттарды колдонуунун жана мыйзамсыз жүгүртүүнүн кесепеттери тууралуу маалымат берүүгө гана эмес, алардын жайылышына өбөлгө түзгөн факторлорду өз убагында аныктоого да багытталган.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө жана колдонууга жол бербөөгө, калктын укуктук сабаттуулугун жогорулатууга жана коомду баңгизаттарга байланыштуу коркунучтардан коргоого багытталган үзгүлтүксүз профилактикалык иштерди улантууда.
