Бишкекте №64 автобустун кыймыл схемасы жарым-жартылай өзгөртүлдү
Бишкекте 2024-жылдын 31-декабрынан тартып №64 автобус каттамынын кыймыл схемасы жарым-жартылай өзгөрдү. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Буга чейин автобус Иманкулов көчөсү менен Ынтымак конушуна чейин каттап келген. Эми ал Садырбаев жана Орто көчөлөрү менен Ынтымак конушуна чейин каттайт.
Белгилей кетсек, өзгөртүүлөр борбор калаанын жашоочуларынын кайрылууларынын негизинде киргизилген.
