www
27 март
Сак болуңуз! Кыргызстандын тоолуу аймактарында кар көчкү жүрөт
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тоолуу аймактарда кар көчкү коркунучуна байланыштуу чукул билдирүү таратты.
Маалыматка ылайык, 28-марттан 2-апрелге чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана аба ырайынын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт:
- Бишкек – Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-255-чакырымдарында (Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусу);
- Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 292-305-чакырымдарында (Долон ашуусу);
- Балыкчы – Казарман – Жалал-Абад унаа жолунун 201-205-260-290-326-349-чакырымдарында (Көк-Арт ашуусу);
- Каракол – Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.
Унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
