“Биз баарыбыз бирдейбиз”! Ошто кайрымдуулук иш-чарасы өткөрүлдү
Ош шаарындагы “Алтын алакан” ден соолукту чыңдоо борборунда “Биз баарыбыз бирдейбиз” аталышындагы кайрымдуулук иш-чарасы өттү. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Иш-чарага Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жана эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Камчыбек Досматов катышты.
Иш-чарада майыптыгы бар балдардын муктаждыктары, күнүмдүк көйгөйлөрү, аларга түзүлгөн шарттар жана бүгүнкү күндөгү көрсөтүлүп жаткан камкордуктар тууралуу маселелер көтөрүлүп, мындай балдар негизинен атайын реабилитацияга, физиотерапияга жана социалдык колдоого муктаж экендиги белгиленди.
Шаар башчысы балдары майып төрөлүп калса, эркектер жоопкерчиликтен качып, түйшүк аялдарга түшүп жатканын жана реабилитациялык борборлордун, адистердин жетишсиздигинен улам энелер өздөрү адис болуп калгандыгын белгилеп, мындай көйгөйдү чечүүнүн жолун таап, жаңы борборлорду ачууга көмөк көрсөтөрүн билдирди.
Иш-чарада 3 баланын тушоосу кесилип, майыптыгы бар балдардын бийи жана катышуучулар үчүн чакан концерттик программа тартууланды.
Ошондой эле балдардын ден соолугун чыңдоого салым кошкон кызматкерлер Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамоталары менен сыйланды.
