
Замирбек Базарбеков Жогорку соттун төрагасы кызматынан бошотулду
Замирбек Базарбеков Жогорку соттун төрагасы кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлайт.
"Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, КР Конституциясынын 70-беренесинин 4-бөлүгүнүн 5-пунктуна, “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 20-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык жана КРнын Судьялар кеңешинин сунушу боюнча Базарбеков Замирбек Курамаевич КР Жогорку сотунун төрагасы кызматынан өз каалоосу боюнча мөөнөтүнөн мурда бошотулду", - деп айтылат маалыматта.