Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Ормон Дадажанов дүйнө салды
9 февраль

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Ормон Дадажанов дүйнө салды

Үстүбүздөгү жылдын 6-февралында Жалал-Абад облусуна караштуу Ноокен районунда 99 жаш курагында Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Дадажанов Ормон Дадажанович дүйнө салды. 

Дадажановдун өмүрү улуу муун үчүн эрдиктин жана туруктуулуктун, Мекенге жан аябас аскердик кызматтын үлгүсү болуп саналат, анын эрдиги элдин эсинде түбөлүккө сакталат.