Чолпон-Ата шаарында жаңы айланма жолдун курулушу башталды
9 февраль

Чолпон-Ата шаарында жаңы айланма жолдун курулушу башталды

Чолпон-Ата шаарында жаңы айланма жолдун курулуш иштери башталды. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты. 

Айланма жол төрт тилкелүү болуп, жалпы узундугу 15,64 чакырымды түзөт. Курулуш иштери мамлекеттик бюджеттин эсебинен параллелдүү долбоорлоо ыкмасы менен жүргүзүлүүдө.

Жолду пайдаланууга берүү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жана ШКУ саммитинин башталышына пландалууда. Айланма жол аркылуу өтүү акысыз болот.

Долбоор шаардын транспорттук жүгүн азайтуу, эл аралык иш-чараларды жогорку деңгээлде өткөрүү жана жол инфраструктурасын жакшыртуу максатын көздөйт. Курулуш иштери бекитилген планга ылайык жүргүзүлүүдө.