Жогору Кеңештин төрагасы расмий сапары менен Түркияга барат — коштоп барчулар
9 февраль

Жогору Кеңештин төрагасы расмий сапары менен Түркияга барат — коштоп барчулар

Ушул жылдын 9-11-февраль күндөрү КР Жогорку Кеңешинин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Нуман Куртулмуштун чакыруусу менен аталган өлкөгө расмий сапары менен барат. Бул тууралуу парламенттен кабарлашты. 

Кайрадан Жогорку Кеңештин Төрагасы болуп шайлангандан кийинки алгачкы расмий сапарын Түркиядан баштаган Нурланбек Тургунбек уулу боордош өлкөдө бир катар жогорку деңгээлдеги жолугушууларды өткөрөрү күтүлүүдө.

Анын ичинен Улуу Улуттук жыйынынын төрагасы Нуман Куртулмуш менен парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулап, алакаларды арттыруу багытында пикир алмашат.

Эскерте кетсек, өткөн жылдын апрель айында Нуман Куртулмуш дагы Кыргызстанга расмий сапар менен келип, Парламенттер аралык кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюлган.

Ал эми Түркияга төрага Нурланбек Тургунбек уулун депутаттар Алишер Козуев, Кундузбек Сулайманов, Акылбек Түмөнбаев, Нурбек Сыдыгалиев, Эльдар Сулайманов, Гүлай Машрапова жана Эльвира Сурабалдиева коштоп барат.