Чүй облусунун ИИББнын Милициянын кайгуул-күзөт кызматынын өзүнчө батальонунун кызматкерлери базарда жоголгон баланы таап беришти
2026-жылдын 8-февралында Чүй облусунун ИИББнын Милициянын кайгуул-күзөт кызматынын өзүнчө батальонунун кызматкерлери Кемин районунун Чым-Коргон айылында жайгашкан мал базарында жоголуп кеткен баланы таап, аны аман-эсен атасына өткөрүп беришти.
Элдин көптүгүнөн улам жашы жете элек бала атасынан бөлүнүп калып, адашып кеткен. Окуя тууралуу маалымат түшкөндөн кийин милиция кызматкерлери ыкчам түрдө издөө иш-чараларын уюштуруп, жеке курамга багыттамалар берилип, базардын аймагы жана ага чектеш тилкелер текшерилген.
Милиция кызматкерлеринин ыкчам жана макулдашылган аракеттеринин натыйжасында баланын жүргөн жери кыска убакыттын ичинде аныкталып, ал коопсуз абалда табылып, мыйзамдуу өкүлү – атасына өткөрүлүп берилди.
