Энергетиктер шаарчасында 10-февралда убактылуу суу өчүрүлөт
Энергетиктер шаарчасында 10-февралда саат 10:00дөн 22:00гө чейин убактылуу суу өчүрүлөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан кабарлашты.
Суунун өчүрүлүшү Лебединовка айылындагы «Тунук- булак» суу алуучу жайында авариялык-оңдоо иштеринин жүргүзүлүшүнө байланыштуу.
"Бишкексууканал" МИси ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн кечирим сурайт жана ишканалардан жана тургундардан ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.
