Ак-Суу РЭТинин кызматкери пара талап кылгандыгы үчүн кармалды
Ак-Суу РЭТинин кызматкери пара талап кылгандыгы үчүн кармалды, деп билдирет УКМКнын басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 29-январында пара алуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ААКнын Ысык-Көл электр тармактар ишканасына караштуу Ак-Суу райондук электр тармактарынын эсептөө инженери К.М.А. кармалды.
Тактап айтканда, К.М.А. электр эсептегичинде пломба жок болгондугу үчүн айып пулдун суммасын азайтуу максатында Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда туризм кызматын көрсөткөн ишкерлерден накталай акча түрүндө пара талап кылгандыгы аныкталган.
Чогултулган далилдердин негизинде К.М.А. Каракол ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына 48 саатка камакка алынды.
Тергөө иштери уланууда.
