Кыргызстанда балдар арасында кызамыкка каршы тазалоочу эмдөө өнөктүгү башталды
23 октябрь

Кыргызстанда балдар арасында кызамыкка каршы тазалоочу эмдөө өнөктүгү башталды

21-октябрдан 4-ноябрга чейин республиканын бардык аймагында кызамыктын тамыр жайышына жол бербей, туруктуу жамааттык иммунитетти калыптандыруу боюнча профилактикалык жана эпидемияга каршы иш-чараларды улантуу максатында кызамыкка жана кызылчага каршы тазалоочу эмдөө өнөктүгү өтөт.

Өнөктүктүн алкагында вакцинаны биринчи кезекте 9 айлык курактан 7 жашка чыга элек эмделбеген балдар алат.

Вакцина кызамык оорусунун белгилери бар адамдар менен байланышта болгондорго да сайылат. КР

Профилактикалык эмдөөлөр календарынын алкагында кызамыкка жана кызылчага каршы эмдөө балага 12 айында (КПК) жана 2 жашка чыкканда (КПК ревакцинациясы) жасалат, ошондой эле эмдөөнүн тазалоочу дозасы (ККВ) 9 айдан 7 жашка чыга элек балдарга ҮМБда/ҮДТда/ФАПта акысыз сайылат.