Кыргызстанда бир жумада дээрлик 25 миңден ашуун жол эрежесин бузуу фактысы катталды
9 февраль

Кыргызстанда бир жумада дээрлик 25 миңден ашуун жол эрежесин бузуу фактысы катталды

Кыргызстандын аймагында 2нен 8-февралга чейинки аралыкта алдын ала маалымат боюнча, 25 миң 638 жол эрежесин бузуу фактылсы аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашты

Маалыматка ылайык, анын ичинде:

  • Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу - 2 666;
  • Мас абалында унаа башкаруу - 359;
  • Авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу - 166;
  • Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар - 674;
  • Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу - 3 728;
  • Автоээнбаштык - 27;
  • Белгиленген ылдамдыктан ашуу - 2 588;
  • Жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу - 11;
  • Башка жол эрежелерин бузуу фактылары - 11 821.

Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 3 598 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

КР ИИМдин ЖКККББгы айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.