Жалал-Абадда агартуу жана тарбиялык багыттагы иш-чара өттү
13 май

Жалал-Абадда агартуу жана тарбиялык багыттагы иш-чара өттү

Манас шаарындагы Курманбек стадионунда 12-майда дин өкүлү Эрмек Тынай уулунун катышуусунда “Адептүү коом — жаркын келечек” аттуу агартуу жана тарбиялык багыттагы иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.

Иш-чарага облус башчысы Тилек Текебаев катышты.

Жолугушуунун негизги максаты, коомдогу адеп-ахлактык баалуулуктарды бекемдөө, жаштарды мекенчилдикке жана билимге үндөө, ошондой эле руханий өнүгүүгө багыт берүү болуп саналат.

Өз сөзүндө облус башчысы Тилек Текебаев ыйман, маданият жана тарбия коомдун өнүгүүсүндөгү эң башкы баалуулуктар экенин белгилеп, өзгөчө жаш муунга туура тарбия берүү бүгүнкү күндүн маанилүү милдеттеринин бири экенин кошумчалады.