Ноокатта 21 жаштагы жаран мал сарайда асынып алган. Текшерүү иштери башталды
ОИИБ
4 март

Ноокатта 21 жаштагы жаран мал сарайда асынып алган. Текшерүү иштери башталды

Ноокат районунун Көк-Бел айыл аймагынын 2005-жылы туулган тургуну А.А. өзүнүн үйүндөгү мал сарайында асынып каза болгон. Бул тууралуу Ош облустук милициясынан кабарлашты. 

Окуя 20-февралда катталган.

Аталган факт каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды.

Маркумдун сөөгүнө соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Учурда тергөөгө чейинки текшерүү иштери улантылууда