Нурдан Орунтаев компанияларга курулуш талаптарын так сактоону эскертти
Курулуш министрлиги
13 май

Нурдан Орунтаев компанияларга курулуш талаптарын так сактоону эскертти

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев күн мурун, 12-майда курулуш компанияларынын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу ведомстводон кабарлашты.

Жыйындын жүрүшүндө курулуш тармагындагы артыкчылыктуу багыттар жана тармактагы талаптарды сактоо маселелери кеңири талкууланды.

Тактап айтканда, оор курулуш техникаларынын унаа жолдоруна тийгизген таасирин жөнгө салуу, курулуш объекттеринде техникалык коопсуздук талаптарын милдеттүү түрдө сактоо, санитардык ченемдерди аткаруу, шаар куруу кеңешинин талаптарын так кармануу, ошондой эле курулуш жүрүп жаткан аймактарда тазалыкты камсыз кылуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Министр Нурдан Орунтаев өз сөзүндө курулуш компаниялары тарабынан мыйзам талаптарын, техникалык коопсуздук эрежелерин жана шаар куруу нормаларын так сактоо зарылдыгын белгиледи.

Ошондой эле ал курулуш иштери жарандардын коопсуздугуна, шаардык инфраструктурага жана айлана-чөйрөгө терс таасирин тийгизбеши керектигин айтып, тармактагы жоопкерчиликти жана көзөмөлдү күчөтүү негизги багыттардын бири экенин билдирди.

Мындан тышкары, үчүнчү жактар үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарттарды түзүү, жарандардын өмүрү менен саламаттыгын коргоого багытталган талаптарды так аткаруу зарылдыгы өзгөчө белгиленди.

Жыйындын жүрүшүндө министрлик тарабынан жеке ишкерлерди колдоо жана курулуш тармагындагы жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү багытында жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берилди. Бул чаралар инвестициялык климатты жакшыртууга, ишкерлер үчүн шарттарды жеңилдетүүгө жана курулуш тармагынын туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылууга багытталгандыгы белгиленди.

Жыйын ачык форматта өтүп, катышуучулар тарабынан суроолор берилип, сунуш-пикирлер айтылды.