Калкынын орточо жашоо узактыгы боюнча Кыргызстан Орто Азияда акыркы орунда
4 март

Калкынын орточо жашоо узактыгы боюнча Кыргызстан Орто Азияда акыркы орунда

Баткен облусуна караштуу Кызыл-Кыя шаарындагы ооруканага Ноокат, Араван райондорунун да жакын жайгашкан бир катар айылдарынын эли медициналык кызмат үчүн кайрылышат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Махабат Мавлянова билдирди.

Айтымында, 330 миңдей адамды тейлөөнү колго алган оорукананын имараты 1970-жылы курулган. Ал эми төрөт үйү 1959-жылга таандык. Андан бери анда-санда оңдоо иштери болгон, имарат эски, начар абалда, медициналык жабдыктар дээрлик жок.

“Медициналык кызмат талапка ылайык болбосо, бул калктын орточо өмүр көрсөткүчүнө таасирин тийгизет. Мисалы, Орто Азияда калктынын жашоо узактыгы боюнча Тажикстан – 76,6, Казакстан – 74,4 болсо, Кыргызстан 71-72 менен эң акыркы орунда турат. Биз мектеп, жол курууга акча бөлүп келатабыз, бирок ден соолук жаатына эч кандай каражат бөлүнгөн жок. Кызыл-Кыя шаарына заманбап төрөт үйүн жана көп профилдүү оорукана куруу зарыл”, – деди Махабат Мавлянова.