ИИМ жарандарды муз эрип жаткан учурда суу бетине чыкпоого чакырат
9 февраль

ИИМ жарандарды муз эрип жаткан учурда суу бетине чыкпоого чакырат

Ички иштер министрлиги жарандарды аба ырайы жылып, муз эрип жаткан учурда суу бетине чыкпоого чакырат.
Муздун калыңдыгы бардык жерде бирдей болбойт жана күтүүсүздөн жарылып кетиши мүмкүн, бул адамдардын өмүрүнө олуттуу коркунуч жаратат. Айрыкча балдарды көзөмөлсүз калтырбоо, балык уулоодо же сейилдөөдө коопсуздук эрежелерин так сактоо зарыл.
Ички иштер министрлиги эскертет: Коопсуздук - ар бир жарандын жеке жоопкерчилиги.