Укол, капельница алуу кыйындады, - депутат саламаттыкты сактоо министрин өз буйругун кайра карап чыгууга чакырды
Саламаттыкты сактоо министринин буйругунун негизинде, учурда өлкөдө капельница, укол ФАП жана Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу тарабынан сайылбайт. Бул элдин түйшүгүн көбөйтүүдө. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Темирлан Айтиев билдирди.
Ал адамдын ден соолугуна зыян келтирген алкоголь, тамеки продукцияларын сатууга жеңилдик берилип, лицензия талабы жокко чыгарылганын, бирок ошол эле убакта ден соолукка камкордук көрүү маселеси кыйындаганын белгиледи.
“Жарандардын ден соолугун чыңдоочу шарттарга келгенде принципиалдуу болуп чыга келебиз. Саламаттыкты сактоо министрлигинен эмнеге ички иньекцияны ФАП, Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунан алууга болбойт деп сураганда, чийки жооп беришет – анафилактикалык шоктун айынан, аллергиялык реакциялардын учурлары көбөйгөндүктөн деп. Андан улам министр тиешелүү буйругу менен тыюу салып койгон. Бирок ошол эле убакта жеке менчик клиникалар бул кызматты кең-кесири көрсөтүп жатышат. Аларды текшерген жан жок, заман талабына ылайык шарт барбы же жокпу – айтор, күнүнө 100дөй адамды тейлешүүдө. Ден соолукка одоно зыян келтирген заттарды эркин жайылтууда бармак басты, көз кысты кылып коебуз”, – деди депутат.
Ошондой эле депутат АТРдин алкагында, айрым аймактардын жашоочуларынын медициналык жардам алууга жеткиликтүүлүгү кыйындаганын кошумчалады.
“Мисалы, Аламүдүн районуна тиешелүү болгон поликлиника борбор калаанын карамагына кошулду. Бул поликлиникадан медициналык кызмат алып келген Аламүдүн районунун Чокмор, Арашан, Сыдыков, Байтик, Таш-Мойнок, Кара-Жыгач айылдары Канттагы поликлиникага карап калышты. Эми алар Кантка барууга аргасыз”, – деди депутат.
Айтиев аталган маселелерди кайра карап чыгууну сунуштады.
