БШКсы Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого дагы 81 эл аралык байкоочуну аккредитациялады
20 ноябрь

БШКсы Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого дагы 81 эл аралык байкоочуну аккредитациялады

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 19-ноябрда 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалган Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого 81 эл аралык байкоочуну аккредитациялады.

БШКнын токтому менен эл аралык байкоочулар катары төмөнкү уюмдардын өкүлдөрү аккредитацияланды:

  • Монголиянын Башкы шайлоо комиссиясынын;
  • Өзбекстан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын;
  • Венесуэла Боливариандык Республикасынын Улуттук шайлоо органынын;
  • Индонезиянын Шайлоо комиссиясынын;
  • Россия Федерациясынын Коомдук палатасынын;
  • Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Байкоочулар миссиясынын;
  • Түрк Мамлекеттеринин Уюмунун;
  • Шанхай Кызматташтык Уюмунун өкүлдөрү.

Бүгүнкү күнгө карата Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого жалпысынан 378 эл аралык байкоочулар аккредитацияланды.