Депутат Россиянын абактарында отурган кыргызстандыктарды экстрадациялоону тездетүүгө чакырды
Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Болот Сагынаев чет өлкөлөрдө соттолгон кыргызстандыктарды өз мекенине экстрадациялоо зарылдыгын айтты.
“Мага балдары чет өлкөлөрдө соттолуп, жаза мөөнөтүн өтөп жаткан көптөгөн ата-энелер кайрылып жатышат. Чынында, алар кылмыш жасашкан, бирок кылмыш жасады деп эле мамлекет карабай койбошу керек”, – деди ал.
Депутаттын маалыматы боюнча, 2023-жылы 84 кыргызстандык жаза мөөнөтүн Кыргызстанда улантуу үчүн чет өлкөлөрдөн экстрадацияланышкан. 2025-жылы 234 жаран алынып келинсе, быйыл мартка чейин 81 жаран Кыргызстанга жеткирилген.
“Россиянын абактарында отурган кыргызстандыктарга СВОго катышууга сунуштар түшөөрү, акчалай компенсациялар сунушталары жашыруун эмес. Түрмөнүн талаптарына чыдай албагандар ага макулдук берип коюшу мүмкүндүгүн да жокко чыгарууга болбойт. Ошондуктан экстрадациялоо маселесин күчөтүү зарыл. Бул ишти прокуратура карагандыктан, Россиядагы Кыргызстандын элчилигине прокуратуранын өкүлчүлүгүн ачуу керек. Анткени Россиянын абактарында 1100 кыргызстандык отурат”, – деди депутат.
Ал прокуратуранын өкүлчүлүгү ачылса, экстрадациялоо процесси ыкчам жана мобилдүү жүрөөрүн кошумчалады.
Ошондой эле, башка жакка иш издеп кетүү жер көйгөйүнөн болуп жатканын белгиледи.
“Айрыкча, айыл жергесинен башка өлкөлөргө иш издеп кеткендердин бир максаты – акча топтоп, жер алуу, үй куруу болуп турат. Айылдардагы жерлерди трансформациялап, кезекте тургандарга жер берүүнү тездетүү кажет. Же Мамлекеттик ипотекалык компаниясын айылдарга да жайылтуу керек”, – деди Сагынаев.
Спикердин орун басары Медер Алиев депутаттын айтканына кошулуп, чет өлкөлөрдүн абактарында отурган кыргызстандыктардын маселесинен тезинен көңүл буруу зарылдыгын билдирди.
