Бишкек шаарынын Октябрь РИИБде бейбаштык фактысы боюнча кылмыш иши козголду
20 ноябрь

Бишкек шаарынын Октябрь РИИБде бейбаштык фактысы боюнча кылмыш иши козголду

2025-жылдын 19-ноябрында Бишкек шаарынын Октябрь РИИБге В.А. аттуу жаран арыз менен кайрылып, белгисиз адамга карата мыйзамдуу чара көрүп берүүнү суранган. Себеби, көрсөтүлгөн күнү болжол менен саат 19:00 чамасында, Бишкек шаарындагы Куттубаев жана Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз адам катуу нерсе менен анын баш тарабына сокку жасап, денесине залал келтирген.

Аталган факт боюнча Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесине (Бейбаштык) ылайык кылмыш иши козголуп, жабырланычууга соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Октябрь РИИБдин кызматкерлери тарабынан 1998-жылы туулган К.А., аттуу жаран кармалган. Тергөө кызматына жеткирилип, Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесине ылайык Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Мындан тышкары, кармалган жаранды медициналык кароо учурунда анын соо эмес экени аныкталды.

Тергөө уланууда.