Ала-Бука - Жаңы-Базар - Кировка унаа жолу кар күрткүдөн тазаланып ачылды
Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Ала-Бука - Жаңы-Базар - Кировка унаа жолу кар күрткүдөн тазаланып ачылды. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.
Маалыматка ылайык, аталган унаа жолунун 155-160-чакырым аралыктарында катуу бороондон улам кар күрткүсү пайда болуп, унаа жол убактылуу жабылган.
Жерине тиешелүү техника тартылып, натыйжада жол толук тазаланып ачылып, өтө албай калган унаалар өз багыттары боюнча жүрүүдө.
