Көмүрдүн Бишкектеги баасы тоннасына 6,6 миң сомдон 7 миң сомго чейин кымбаттады
Сүрөт ачык булактардан алынды
13 август

Көмүрдүн Бишкектеги баасы тоннасына 6,6 миң сомдон 7 миң сомго чейин кымбаттады

Бишкектин тургундары үчүн көмүрдүн баасы өткөн жылдагы жылытуу мезгилине салыштырмалуу өстү. Бул тууралуу «Биринчи радионун» эфиринде «Кыргызкөмүр» ААКтын башчысы Рустамбек Садыралиев билдирди.

Анын айтымында, өткөн жылы борбор калаада көмүрдүн бир тоннасы болжол менен 6 миң 600 сомдон сатылган. Быйыл анын чектик баасы 7 миң сом өлчөмүндө белгиленди.

Садыралиев баанын өсүшүнүн негизги себептеринин бири катары дизель майынын кымбатташын атады.

Мындан тышкары, көмүрдү ташуу, оор техникаларды оңдоо, тетиктерди сатып алуу, күйүүчү май базаларын кармоо жана башка өндүрүштүк чыгымдар акыркы баага таасир этет.

Буга чейин Садыралиев күйүүчү-майлоочу материалдар көмүр ишканаларынын чыгымдарынын олуттуу бөлүгүн түзөрүн жана көмүрдүн акыркы баасына түздөн-түз таасир этерин белгилеген.