видеодон алынган кадр
16 июнь
Эми такси айдоочулары лицензияны онлайн ала алышат
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы (ЖКККББ) жүргүнчүлөрдү ташуу ишмердүүлүгүнө лицензияны онлайн алуу мүмкүнчүлүгү түзүлгөнүн маалымдайт.
Эми такси айдоочулары жана юридикалык жактар лицензия алуу үчүн арыздарды «МБанк», «Элдик» жана «Түндүк» мобилдик тиркемелери аркылуу тапшыра алышат.
Эскерте кетсек, 2026-жылдын 1-июлунан тартып лицензиясыз жүргүнчү ташыган жеке жактарга 7 500 сом, юридикалык жактарга 23 000 сом өлчөмүндө айып пул каралган.
ЖКККББ бардык жүргүнчү ташуучуларды лицензияларын өз убагында алып, мыйзам талаптарын так сактоого чакырат.
