Айсулуу Тыныбекова уулуна Али деген ысым ыйгарды
Күн мурун, 3-мартта кыргызстандык белгилүү спортчу Айсулуу Тыныбекова менен анын жолдошу Бакберген Аттокуров жаңы төрөлгөн уулун төрөт үйүнөн чыгарды. Бул тууралуу алардын жакындары социалдык тармактагы баракчаларынан билдирип, видео жарыялашты.
Айсулуу Тыныбекова уулуна Али деген ысым ыйгаргандыгы белгилүү болду.
Белгилей кетсек, спортчу кыз 1-мартта көз жарган.
