«Бишкек Арена» стадионунун ичине үч кабаттуу соода борбору курулат
иллюстрациялык сүрөт
16 март

«Бишкек Арена» стадионунун ичине үч кабаттуу соода борбору курулат

Учурда «Бишкек Арена» стадионунун курулуш иштери активдүү жүргүзүлүп жатат.

Президенттин иш башкармасы Каныбек Туманбаев билдиргендей, бүгүнкү күндө курулуш толук кандуу жүрүп, долбоор акыркы этаптарына жакындап калды.

"Стадиондун ичинде «Bishkek Arena Mall» аталышындагы заманбап соода борбору жайгашат. Аталган соода борбору үч кабаттан туруп, ишкерлер жана келүүчүлөр үчүн бардык шарттар менен камсыздалат", – деди ал.

Туманбаевдин билдирүүсүнө таянсак, алдын ала пландар боюнча, 2026-жылдын 1-апрелинен тартып «Bishkek Arena Mall» соода борборундагы соода жайларын сатууга старт берилет.

"Ошондуктан бул мүмкүнчүлүккө кызыккан ишкерлерди азыртан даярданууга чакырабыз. Телефон номерлер жана кошумча маалыматтар 1-апрелден тартып жарыяланат. Соода борборуна келген жарандар үчүн жетиштүү сандагы унаа токтотуучу жайлар (парковка) каралган. Мындан тышкары, объект толугу менен заманбап жана ыңгайлуу шарттар менен камсыздалып, Бишкектеги эң кооз соода борборлорунун бири болот", – деди ал.