9,5 миңден ашуун шайлоочу шайлоо участкаларынан тышкары добуш берет
КР Борбордук шайлоо комиссиясы 17-ноябрга дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо орун-жайдан тышкары добуш берүү мүмкүнчүлүгүн берүү боюнча ѳлкѳнүн шайлоо комиссияларына 9 538 арыз түшкөнүн билдирди.
Улгайган курагына байланыштуу шайлоо участкаларына келе албаган шайлоочулардан - 3 746 арыз, майыптыгы боюнча – 1979 арыз, оорусуна байланыштуу – 3145 арыз жана 668 арыз айрым категориялардын өкүлдөрүнөн, б.а. үзгүлтүксүз иштөө (вахта жумуштарында) цикли бар ишканаларда, стационардык дарылоо-профилактикалык мекемелерде, шектүү жана айыпкер катары камакта кармоо жайларында турган жарандардан, ошондой эле аскер кызматчыларынан жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнѳн, аскер бөлүктөрүндө жашаган башка адамдардан, мѳѳнѳттүү аскер кызматчыларынан келип түшкѳн.
2437 участкалык шайлоо комиссияларынын ичинен 1129 комиссия орун-жайдан тышкары добуш берүүнү уюштурууга тийиш.
|
Аймак |
Участкалык шайлоо комиссияларынын жалпы саны |
Арыз келип түшкѳн участкалык шайлоо комиссияларынын саны |
Орун-жайдан тышкары добуш берүүгѳ арыздардын саны |
|
Бишкек ш. |
268 |
179 |
1907 |
|
Ош ш. |
102 |
69 |
982 |
|
Баткен облусу |
219 |
89 |
664 |
|
Ош облусу |
492 |
217 |
1522 |
|
Чуй облусу |
369 |
136 |
1225 |
|
Нарын облусу |
169 |
110 |
664 |
|
Жалал-Абад облусу |
452 |
190 |
1878 |
|
Талас облусу |
117 |
53 |
324 |
|
Ысык-Кѳл облусу |
249 |
86 |
372 |
|
Баары: |
2437 |
1129 |
9538 |
