Милиция кызматкерлери тарабынан алдамчылыкка шектелген жаран кармалды
2026-жылдын 15-апрелинде Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгына жарандардын тобу жазуу түрүндө арыз менен кайрылып, анда О.Н. аттуу жаранга карата чара көрүүнү суранышкан.
Арыз ээлеринин айтымында, аталган жаран «Ф.» аттуу компания аркылуу дары-дармек сатуу шылтоосу менен иш жүргүзүп, ишенимге кирүү жана алдоо жолу менен жарандардын акча каражаттарын ээлеп алган. Бирок төлөнгөн товар кардарларга берилген эмес, акча каражаттары кайтарылган эмес.
Бүгүнкү күндө ички иштер органдарына 80ден ашуун жаран кайрылган. Жалпы келтирилген материалдык зыяндын көлөмү алдын ала эсеп боюнча болжол менен 3 000 000 сомду түзөт.
Жүргүзүлгөн тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан 1980-жылы туулган О.Н. аттуу жаран кармалып, Бишкек шаарынын Ленин райондук ИИБдин Тергөө кызматына жеткирилген. Кыргыз Республикасынын ЖПКсынын 96-беренесине ылайык, ал Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Урматтуу жарандар! Эгерде сиз аталган жарандан жабыр тарткан болсоңуз, төмөнкү байланыш номерлери аркылуу кайрылууңуздарды суранабыз:
0503 777 666, 0501 491 940, 0705 949 646.
Тергөө иштери улантылууда.
