Курулуш министри жарандын даттануусунан кийин үч кызматкерин жумуштан алды
Чүй облусунун Жайыл районунун тургуну Уланбек Мавляновдун кайрылуусунун негизинде тиешелүү чаралар көрүлдү.
Жаран өзүнүн соода түйүнү жайгашкан жер тилкесин мыйзам талаптарына ылайык түзүп, тариздөө (формирование земельного участка) маселеси боюнча Жайыл райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгына кайрылып, тиешелүү жооп ала албай келгенин билдирген.
Ушуга байланыштуу Уланбек Мавлянов Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрине кайрылган.
Бүгүн, 4-сентябрда министр Нурдан Орунтаев жаран менен жолугуп, маселени мыйзам чегинде калыс жана объективдүү чечүү үчүн тиешелүү департаментке конкреттүү тапшырмаларды берди.
Министр өз сөзүндө жарандардын кайрылууларын мыйзам чегинде калыс карап, ар бир маселени өз убагында чечүү зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле мамлекеттик кызматкерлердин жарандар менен иштөөдөгү жоопкерчилигин күчөтүү талабы коюлду.
Жарандын кайрылуусунан кийин талаптагыдай иш алып барбагандыгы үчүн министрликке караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Жайыл райондук башкармалыгынын начальниги Бактыбек Курманалиев жана анын орун басары Уланбек Айжигитов ээлеген кызматтарынан бошотулду. Мындан сырткары Чүй регионалдык мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгынын жооптуу кызматкери жумуштан алынды.
