сүрөт: depositphotos.com
13 август
Ысык-Көлдө жер титирөө катталды
Ысык-Көл облусунда 13-августта жер титирөө катталды. Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунан билдиришти.
Жер титирөө жергиликтүү убакыт боюнча саат 02:49да катталган. Анын күчү 3,5 баллды түзгөн.
Жер титирөөнүн очогу Кара-Сай айылынан 22 чакырым түндүк-чыгышта, ал эми Барскоон айылынан 53 чакырым түштүк-чыгышта жайгашкан.
Кара-Сай айылында жер титирөөнүн күчү 2,5 баллга жеткен.
Жабыркагандар жана кыйроолор тууралуу маалымат түшкөн эмес.
