Бишкекте жүрөктү акысыз текшерүүдөн өткөрүүгө болот. Даректери
Бишкекте «Саламат жүрөк — чекаптан өт» маалыматтык-алдын алуу акциясы өткөрүлөт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты.
Акциянын максаты — жашоочуларга жүрөктүн саламаттыгына кам көрүүнүн зарылдыгы жөнүндө эскертүү, тобокелчилик факторлорун өз учурунда аныктоого жардам берүү жана алдын алуу жана үзгүлтүксүз чекаптан өтүү – бул узак жана активдүү жашоого карай жөнөкөй кадам экендигин көрсөтүү.
Акциянын алкагында соода борборлоруна жана базарларга келген адамдар төмөнкүлөрдү камтыган медициналык текшерүүдөн акысыз өтө алышат:
- артериялык басымды өлчөө;
- дене салмагынын индексин аныктоо;
- кандагы кант жана холестериндин деңгээлин өлчөө;
- кардиолог-дарыгердин кеңеши.
Иш-чаралар УКТБ адистеринин жана И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын (КММА) жана А. Молдогазиев атындагы Бишкек медициналык колледжинин (БМК) ыктыярчыларынын катышуусунда өткөрүлмөкчү.
Акция өткөрүү графиги:
- 13-14-май — Vefa Соода борбору (саат 10:00-14:00),
- 16-май — Бишкек Парк Соода-көңүл ачуу борбору (саат 10:00-14:00),
- 10:00-14:00 — Дордой Плаза Соода-көңүл ачуу борбору (саат 10:00-14:00),
- 20-май — Орто-Сай базары (саат 10:00-14:00)
Уюштуруучулар акысыз текшерүүдөн өтүүнү жана жүрөгүнүн саламаттыгына өз учурунда кам көрүүнү каалаган бардык адамдарды чакырат.
