Ош шаарындагы “Озгур” суу тазалоо бекети капиталдык оңдоодон өткөрүлүүдө
Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев күн мурун, 16-январда “Ошшаарсууканал”муниципалдык ишканасынын “Озгур” суу тазалоо бекетинин капиталдык оңдоп-түзөө иштери менен таанышты. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Шаар башчысы суу тазалоо бекетинде курулуш жүрүп жаткан объекттерди кыдырып, аткарылып жаткан иштер менен жеринен кабар алып, курулуштун сапатына өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгилеп, жооптуу адистерге коопсуздук талаптарын так сактоо жана курулуш иштерин өз мөөнөтүндө бүткөрүү боюнча тапшырмаларды берди.
Белгилей кетсек, “Озгур” суу тазалоо бекети Ош шаарынын калкынын 80 пайызын ичүүчү суу менен камсыз кылат. Ошондой эле бекет пайдаланууга берилгенден бери ири оңдоп-түзөө иштери жүргөн эмес.
