13 даана ок атуучу курал алынды. Лейлекте «Арсенал» рейди уланууда
Лейлек районунда «Арсенал» аталыштагы алдын алуу иш-чарасы уланууда, деп билдирет Баткен облустук милициясынын маалымат кызматы.
Билдирүүгө ылайык, анын алкагында райондук милициянын башчысы Алмазбек Шагамурзаев кол алдындагы кызматкерлери менен биргеликте район аймагындагы ок атуучу куралдардын сакталуу абалын жеке өзү көзөмөлгө алып, жарандарга куралдарды сактоо жана колдонуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү.
16-январга карата рейддин жүрүшүндө жалпы 13 даана ок атуучу курал алынган. Анын ичинен:
- 7 травматикалык пистолет,
- 5 сайсыз ок атуучу курал алынган.
Аларды жарандар өз ыктыяры менен тапшырып беришкен.
Ошондой эле тиешелүү документтери жок ок атуучу куралды мыйзамсыз алып жүргөн бир жаран кармалып, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Алынган куралдар райондук милициянын нөөмөт бөлүгүнө убактылуу сактоого коюлду. Мындан тышкары, курал сактоо эрежелерин бузган үч мергенчиге айып пул салынды.
