Зомбулук, кибер алдамчылык. Баткенде милиция ата-энелер арасында түшүндүрүү иштерин жүргүздү
Баткен РИИБдин Көк-Таш айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери 16-январда Баткен районунун Ак-Татыр айыл аймагынын Үч-Дөбө айылындагы “А.Жайнаков” атындагы орто мектебинде жалпы ата-энелер жыйынын уюштурду. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.
Жыйындын жүрүшүндө учурда актуалдуу болуп жаткан бир катар маселелер көтөрүлдү. Алардын арасында:
- үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу,
- кибер алдамчылык,
- уурдоо фактылары,
- жалпы кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча маселелер кеңири түшүндүрүлүп, ата-энелерге тиешелүү маалыматтар жеткирилди.
