Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы кызматташтыктын келечеги талкууланды
Кыргызстандын АКШдагы элчиси Айбек Молдогазиев менен АКШдагы Caspian Policy Center аналитикалык борборунун жетекчилигинин жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу КР ТИМден кабарлашты.
Жолугушуунун жүрүшүндө АКШнын жаңы администрациясынын саясаты жана АКШнын регион менен жана өзгөчө Кыргызстан менен кызматташуусунун келечеги талкууланып, пикир алмашуу болду.
Элчи А.Молдогазиев Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан саясат жана экономиканы жана калктын бакубаттуулугун жогорулатуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу кеңири маалымат берди.
Сүйлөшүүнүн соңунда маектешүүлөр өз ара кызыкчылык туудурган маселелер боюнча конструктивдүү диалогду улантууга эки тараптын умтулуштарын ырасташты.
Маалымат үчүн: Caspian Policy Center 2016-жылы түзүлгөн көз карандысыз коммерциялык эмес изилдөө жана аналитикалык борбор. Белгилүү болгондой, Кошмо Штаттардагы аналитикалык борборлор тышкы саясий маселелерде, анын ичинде демилгелерди илгерилетүү, отчетторду түзүү жана болжолдоо боюнча негизги органдар болуп саналат.
