www
4 март
Бишкектин айрым конуштарында 5-мартта таза суу жок болот
5-мартта Ала-Тоо 1 жана Ала-Тоо 2 конуштарында саат 9:00дөн 21:00гө чейин убактылуу суу өчүрүлөт, деп кабарлайт мэриянын басма сөз кызматы.
"Ала-Тоо" суу топтомосундагы оңдоо иштерине байланыштуу суу берүү убактылуу токтотулат.
"Бишкексууканал" МИси ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн кечирим сурайт жана ишканалардан жана тургундардан ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.
