Учак кырсыгы: өлкөдөгү башка авиакомпанияларда да кошумча инспекциялык текшерүүлөр жүргүзүлөт
Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги
9 июль

Учак кырсыгы: өлкөдөгү башка авиакомпанияларда да кошумча инспекциялык текшерүүлөр жүргүзүлөт

Министрлер кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги «Манас» эл аралык аэропортунда «Tez Jet» авиакомпаниясынын аба кемеси менен болгон окуяга байланыштуу кырдаалды туруктуу көзөмөлдөп турат.

Буга чейин кабыл алынган «Tez Jet» авиакомпаниясынын каттамдарын убактылуу токтотуу жөнүндө чечим бардык зарыл болгон текшерүү иш-чаралары аяктап, окуянын бардык жагдайлары такталганга чейин күчүндө калат.

Учуу коопсуздугун камсыздоо боюнча көзөмөлдү күчөтүү максатында агенттик Кыргыз Республикасынын башка авиакомпанияларында да кошумча инспекциялык текшерүүлөрдү жүргүзөт. Текшерүүлөр учуу коопсуздугу боюнча талаптардын сакталышын, аба кемелеринин техникалык пайдаланылышын жана белгиленген авиациялык эрежелердин аткарылышын баалоого багытталат.

Кыргыз Республикасынын Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги жүргүнчүлөрдүн, экипаждардын жана аба кыймылынын коопсуздугу өзгөрүлгүс артыкчылык экенин белгилейт.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыктары жана кабыл алынган чечимдер тууралуу кошумча маалымат берилет.